Menu

Бишкекте 16 жаштагы бала энесине кол көтөргөн өгөй атасын бычактап салды

Бөлүшүү:

Бишкекте денеге оор залал келтирген деген шек менен 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Алардын айтымында, милицияга 11-апрелде саат 23:30 чамасында Улуттук хирургиялык борборго бычактан жаракат алган бейтап алынып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Маалым болгондой, ошол күнү кечинде жабырлануучу аялына кол көтөргөндүктөн, аны өгөй уулу бычактап салган. Өгөй атасы көкүрөгүнөн, ичинен жана сол ийининен жаракат алган.

Факт КЖБРге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Ден-соолукка оор зыян келтирүү” беренеси боюнча катталган. 16 жаштагы шектүү М.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: