Menu

Видео – ИИМ Россиянын аймагында жасалма документ колдонгондорго кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлиги Россиянын аймагында жасалма документ колдонгондорго кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

ИИМдин басма сөзз кызматы билдиргендей, акыркы убакытта Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жүргөн биздин жарандарыбыз жасалма жолу менен жасалган ID карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө.

“Биздин кээ бир мекендештер документтерин жоготуп алып, же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен мыйзамдуу жасоодон жалкоолонуп, жасалма документтерди жасатышып жатат.

Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз,  анда сиздин кыймыл-аракетиңизде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз.

Ошондуктан, ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда, токтоосуз ошол жердин райондук полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алгандан кийин, Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл”, – деп айтылат маалыматта.

Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө кайрылсаңыздар болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: