Ош облусунун Нура айылында 3 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-апрель күнү саат 18:42де Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ