Menu

УКМК: Унаалардын катализаторлорун сатып алуу жана экспорттоо үчүн мыйзамсыз каналдын ишине бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш- чараларынын комплексинин жүрүшүндө, автомобиль катализаторлорун
массалык түрдө мыйзамсыз сатып алуунун, ошондой эле аларды Европа өлкөлөрүнө экспорттоонун белгиленген схемасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 23-февралында Литва Республикасына автомобилдик катализаторлорду экспорттоо учурунда салмагы 2 тоннага жакын контрабандалык жүк кармалган.

Мындан сырткары, 2021-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарындагы автомобилдик катализаторлорду чогултуп жана сатып алып жүргөндөр боюнча 12 пункттун иши табылган, ал жакта чет өлкөлөргө жөнөтүү үчүн сакталып турган көп сандагы кайра иштетилген субтракттар жана автомобиль катализаторлору алынды.

Азыркы учурда КР УКМК автомобиль катализаторлорунун контролсуз сатып алынышын жана экспорттолушун кыскартуу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында, мамлекеттик кызматкерлердин ушул коррупциялык схемага катышы бардыгын аныктоо боюнча керектүү комплексттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, милдеттендирилген техникалык кароону жойгондон кийин, тейлөө бекеттериндеги автомобилдик катализаторлорду массалык түрдө алып салуу, аларды кийинчерээк чет өлкөлөргө сатуу тенденциясы өсүүдө, анткени катализаторлор (платина, палладий жана родий) баалуу металлдарды камтыйт жана эбегейсиз киреше алып келет.

Учурда ыйгарым укуктуу органдары тарабынан унаа катализаторлорун экспорттоого жана сатып алууга тыюу салуу маселелери каралып жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: