Menu

Түркмөн президентинин уулу Сердар Бердымухамедов ТИМ башчысынын ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн алды

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти 9-апрелде уулун жаңы кызматка дайындады.

Буга чейин бир эле маалда үч жетекчилик кызматты аркалаган Сердар Бердымухаммедов эми өкмөт аралык түркмөн-орус жана түркмөн-жапон түзүмүн кошо башкарат.

Мамлекеттик түркмөн ЖМКлары билдиргендей, президент Бердымухамедов уулунун жаңы кызматка дайындалышын тышкы иштери министри Рашид Мередов ондой өкмөт аралык комиссияны жетектеп, түрдүү мамлекеттер жана багыттар боюнча иштеп жатканы, анын жүгүн жеңилдетүү үчүн ушундай кадамга барганы менен түшүндүргөн. Президент бул мындан ары Орусия жана Жапония менен кызматташууну кеңейтүүгө шарт түзөт деп эсептейт.

Февралда Гурбангулы Бердымухамедов 39 жаштагы уулу Сердарды өзүнүн орун басары жана Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кылып дайындаган. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларынын бири жана Түркмөнстандын Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мүчөсү.

Түркмөн лидеринин уулу буга чейин өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министри болуп иштеген. Ал бул кызматка былтыр 7-февралда дайындалган. Ага чейин Ахал облусун жетектеген.

Сердардын кызматтык тепкичке көтөрүлгөнү “мураскерди” таптоо аракети катары кабыл алынууда. Анын саясий карьерасы 2016-жылдын аягында өлкөнүн парламентине депутат болуп шайланганда башталган. Ошондон бери анын коомдук жана саясий активдүүлүгү байкалды.

Расмий басылмаларда Бердымухамедовду “элдин уулу” деп даңазалап жазышат. Атасы менен кошо эл алдына чыкканда ЖМКлар аны “муундардын мураскерлиги” катары сыпатташат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: