Menu

Ошто алты партиянын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-апрелде Ош шаарында “Улуттар Биримдиги”, “Ишеним”, “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу Журт” жана “Бир Бол” партияларынын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышты.

Алардын айтымында, шайлоо одоно мыйзам бузуулар жана добуштарды сатып алуу  менен өттү. Бирок жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок.

Алар бир партия бардык участкалык комиссияларды көзөмөлдөгөнүн, бийликке өткөн шайлоодо бийликтин партиясынан талапкерлигин көрсөткөн адамдар эле келишкенин айтышты.

Алар бардык мыйзам бузууларды “Ата Журт Кыргызстан” партиясы жасаганын айтышып, шайлоону жокко чыгарууну жана жаңы шайлоону дайындоо керектигин белгилешти.

Белгилей кетсек, Ош шаарында шайлоочулардын эң көп добушун  (47,99%) “Ата Журт Кыргызстан” партиясы алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: