11-апрелде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген 3 миллион 606 миң 201 шайлоочунун ичинен 1 миллион 336 миң 743 шайлоочу катышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, 12-апрелде саат 12:30га карата референдумга катышкандардын саны 37,08% түздү. Добуш берүүгө катышкандардын ичинен 1 миллион 59 миң 476 (79,4%) шайлоочу “макул” деп добуш берди, “каршы” – 182 миң 553 (13,66%).
Региондор боюнча алдын ала маалымат төмөндөгүдөй:
Бишкек шаары 79 644 (60,66%) “макул” деген добуш берди, 47 397 (36,10%) каршы болду;
– Ош шаары: макул – 57 015 (79,87%), каршы – 8 758 (12,27%);
– Жалал-Абад облусу: макул – 228 982 (84,07%), каршы – 21638 (7,94%);
– Ысык-Көл облусу: макул – 98,489 (85,25%), каршы – 10,500 (9,09%);
– Нарын облусу: макул – 69 553 (82,84%), каршы – 9445 (11,25%);
– Ош облусу: макул – 242 328 (84,33%), каршы – 22 341 (7,78);
– Талас облусу: макул – 52 066 (74,99%), каршы – 11 147 (16,06%);
– Чүй облусу: макул – 138 644 (70,84%), каршы – 41 803 (21,36%);
– Баткен облусу: макул – 92 455 (84,27%), каршы – 9524 (8,68%).
Нуржан Шайлдабекова чет өлкөдө ачылган 48 шайлоо участкасы боюнча күтүлүп жатканын белгиледи.
“БШК референдумдун натыйжаларын келип түшкөн аймактык шайлоо комиссиялардын тийиштүү аймактардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынын негизинде аныктайт. Аныктоо мезгили – 35 күн (добуш берүү күндөн баштап). Аймакттардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары АШК тарабынан жыйынтыкталып, БШКга жиберилет. Белгиленген мөөнөттө БШК референдумдун натыйжаларын аныктайт”, – деп билдирди төрайым.
“Референдум кол менен саноонун негизинде жыйынтыкталат жана аныкталат. Азыркы учурда биз кол менен саноонун жыйынтыктарын алып жатабыз. Референдумдун катышуучуларынын тизмесинин 30%дан көбү катышса, анда реферндум болуп өттү деп саналат. Жалпы добуш берүүгө катышуучулардын 50% көбү “макул” деген добуш берсе, анда референдумдагы чыгарылган маселе кабыл алынды деп саналат. Бирок, акыркы жыйынтыктар жана натыйжалар кол менен саноонун протоколдорунун негизинде аныкталат”, – деп кошумчалады ал.
Ал бүгүнкү берилген маалымат шайлоо участкаларынан келип түшкөн автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алдын ала алынган маалыматтар экенин белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ