Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 1 295 943 жаран добуш берди же 39,6%ды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, 448 жергиликтүү кеңештин шайлоочулардын тизмесине 3 318 130 жаран киргизилген. 10-апрелдеги сырттан добуш берүү жана 11-апрелдеги шайлоодо 1 295 943 жаран добуш берди. Аталган маалыматтар 2271 шайлоо участкаларынан алынды.
28 шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо 796 мандат берилет, шайлоо пропорционалдык системанын негизинде жүргүзүлөт. Жалпысынан 28 шаарда 236 партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча 146 партия 7%дык чектен ашып, 90 партия өтпөй калды.
Шаарлар боюнча алдын ала маалыматтар: – Айдаркен шаары боюнча 21 мандат бар. Шаардыктардын 29%ы шайлоого катышып, 8 партиядан талапкерлер ат салышкан, алдын ала маалымат боюнча 7 партия 7% босого чектен өттү.
– Базар-Коргон шаары – 31 мандат. 37.72% добуш беди, 5 партиядан талапкерлер катышкан, алардын бардыгы босого чектен өттү.
– Балыкчы шаары – 31 мандат. 38.91% добуш берди. 13 партиянын талапкерлери кататлып, 5 партия босого чектен өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ