Menu

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында соода-экономикалык борбордун курулушу башталды

Бөлүшүү:

10-апрелде Өзбекстан менен Казакстандын чек арасында (Гишткуприк – Жибек Жоли) «Борбор Азия» аталышындагы эл аралык соода-экономикалык борбордун пайдубалын түптөө аземи өттү.

Расмий маалыматтарга караганда, иш-чарага Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин катышты.

Эл аралык соода-экономикалык борбордун жалпы аянты 400 гектарды түзөт, суткасына 35 миң киши жана 5 миң жүк ташуучу автоунааны өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Тараптар бул долбоор өз ара кирешелүү гана эмес, аймактагы соода-экономикалык байланыштардын өнүгүшүнө кошумча дем берерин билдиришүүдө.

Азем учурунда Аскер Мамин Казакстан менен Өзбекстандын акаминерлери эки тараптуу соода жүгүртүүнү жылына 10 миллиард долларга көбөйтүүнүн үстүнөн иштеп жатканын айтты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: