Menu

Алматыда ипотека үлүшчүлөрү Каржы көзөмөлү агенттигинин алдында түнөөгө даярданышууда

Бөлүшүү:

12-апрелде Алматыда активист Канагат Токаева баштаган бир топ үлүшчү Каржы көзөмөлү агенттигинин имаратынын алдына чогулуп, «бийлик маселени чечкенге чейин мекеменин алдында түнөп, ушул жерден кетпейбиз» деп билдиришти.

«Бул жакка жеке буюмдарыбыз менен келдик. Азыр чатырларды алып келе жатышат. Себеби биз бүгүн түндө ушул жерде түнөйбүз. Банктагы насыя маселебиз чечилгенге чейин ушул жерде калабыз. Биз ара-бери жүрүп чарчадык. Барбаган жерибиз калган жок. Президент администрациясына, Улуттук банкта болдук. Экинчи деңгээлдеги банк жетекчилери менен жолуктук. Бардык мамлекеттик кызматкерлер «маселени чечүү керек, жакын арады чечебиз» деп чыгарып коюшат. Бирок 11 жылдан бери чечиле элек», – деди Токаева.

Ал нааразылыкка банкка карыздарын төлөй албай бизнесинен айрылып калуу коркунучунда турган ишкерлер да кошулуп жатканын кошумчалады. Ишкерлер бизнести үч пайыз менен кайра каржылоону талап кылышууда.

Жыйындын катышуучуларынын бири Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, карантиндик чектөөлөр учурунда депутаттык корпуска кеткен чыгымдарды тоңдурууну, бул каражатты чакан жана орто бизнести колдоого, ошондой эле ипотекалык карызы барлардын көйгөйлөрүн чечүүгө жумшоону сурады.

Үлүшчүлөрдүн айтымында, өкмөт ипотека насыяларын кайра каржылоо үчүн ондогон миллиард теңге бөлгөн. Бирок жарандардын көйгөйлөрү чечиле элек.

Казакстанда ипотеканы кайра каржылоо программасы 2015-жылы жазда иштей баштаган. Программанын биринчи айлампасы 2004-2009-жылдары насыя алган, үйлөрү жок жарандарга багытталган. Бул үчүн 130 миллиард теңге бөлүнгөн. Расмий маалымат боюнча бул программа боюнча 28,3 миң киши жардам алган.

Программанын экинчи бөлүгү чет өлкөлүк валюта менен 2016-жылдын 1-январына чейин бериген ипотекалык насыяларды каржылоого багытталган. 1-сентярга карата 9,2 миң арыз келип түшкөн, алардын ичинен 7,9 миңи канааттандырылган.

Буга чейин ипотекачы-кардарлар кайра каржылоо маалында алардын карызы эки эсеге көбөйүп кеткенине даттанышкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: