Menu

БШКнын алдында Бишкек шаардык кеңешине өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү митинг өткөрүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-апрелде БШКнын имаратынын алдына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес болгон 7 партиянын өкүлдөрү митингге чыгышты.

 “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу Журт”, “Кыргызстан коммунисттер партиясы”, Кыргызстандын социалисттик партиясы, “Тынчтык”, “Улутман” жана Кыргызстан демократиялык кыймылы партияларынын тарапкерлери тынчтык акциясын өткөрүшүүдө.

Митингчилердин бири Амантур Манапбаевдин айтымында, шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогондор аны кайра өткөрүүнү талап кылышууда.

Ал 7%дык босого чектен өткөн партиялар добуш сатып алуу менен мыйзам бузушканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия өттү. Алар: Эмгек (13,87 пайыз), Ак Бата (12,15 пайыз), НДПК (10,7 пайыз), Ата Журт Кыргызстан (9,63 пайыз), Биздин Эл (7,73 пайыз) ), Ынтымак (8,3 пайыз).

БШКнын алдында Бишкек шаардык кеңешине өтпөй калган партиялардын тарапкерлери митинг өткөрүп жатат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: