Menu

Коррупцияга шек саналып кармалган депутат Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд. сом төлөдү

Бөлүшүү:

Депутат Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 миллиард сом төлөдү. Бул тууралуу бүгүн,12-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге карата коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөнүн жыйынтыгында, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакка алуу түрүндө бөгөт чарасын тандоо үчүн жетиштүү далилдер алынган.

“Кубанычбек Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берди”, – деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу, ошондой эле Жумалиевдин жаш курагын жана ден соолугун эске алуу менен тергөө бүгүн, 12-апрелде сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылды.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда.

Ал 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча УКМК тарабынан кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 4-апрелге чейин камалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: