Menu

Кара-Балтада автоКТБ ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-апрелде, Кара-Балта шаарында “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн базасында авто калкты тейлөө борбору (АвтоКТБ) иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

АвтоКТБны ачуу аземине Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев жана “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түменбаев катышты.

“Ушундай форматта калкка кызмат көрсөтүүчү мекемелерди ачуу – бул убакыттын талабы. Кыргызстандын бардык булуң бурчтарында жарандар үчүн шарттарды жакшыртуу жана санариптештирүүнү жигердүү ишке киргизүү керек” – деп белгиледи Улукбек Календеров.

АвтоКТБнын имараты кыска убакыттын ичинде капиталдык оңдоодон өтүп, кеңселер “open spase” форматына өткөрүлдү.

АвтоКТБ жарандардын муктаждыктарына, жеткиликтүүлүгүнө жана ыңгайлуулугуна багытталган. Иш процессинин өзгөчөлүгү мамлекет менен коомдун ортосундагы аралыкты кыскартууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

АвтоКТБ  “бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштейт, айдоочулук күбөлүктөрдү, автоунаа номурларын берүү, транспорттук каражаттарды каттоо жана кайра каттоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Бардык процедуралар жөнөкөйлөштүрүлгөн жана системаштырылган.

“Бул автоКТБ өлкөдө ачылган экинчи тейлөө борбору. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгы, ошондой эле КР Өкмөтүнүн экономикалык туруктуулукту камсыздоо, социалдык туруктуулукту сактоо боюнча биринчи кезектеги чараларынын планын аткаруунун алкагында үстүбүздөгү жылы Талас жана Ысык-Көлдө областарында автоКТБларды ачууну пландаштырып жатабыз” – деп белгиледи Тилек Джеембаев.

АвтоКТБнын жалпы аянты 304 чарчы метр, унаа токтоочу жайдын аянты 2500 чарчы метр, ал эми аянты 1000 чарчы метрден ашык аймак транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн каралган.

Жарандардын ыңгайлуугу үчүн, коммерциялык банктын кассасы жайгашкан.

Ошондой эле иш кагаздары жүргүзүү үчүн жай, унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча архив, мамлекеттик номерлер үчүн кампа да бар.

Айдоочулук күбөлүктү алуучулар үчүн  экзамендик класс каралган.

АвтоКТБ Кара-Балта шаарынын Жайыл – баатыр көчөсү 127 дарегинде жайгашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: