Menu

Кытай COVID-19га каршы вакциналары жетиштүү деңгээлде натыйжалуу болбой жатканын мойнуна алды

Бөлүшүү:

Кытайдын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун башчысы Гао Фу коронавируска каршы кытай вакциналарынын натыйжасы төмөн болуп жатканын мойнуна алып, бийлик эффективдүүлүктү арттыруу үчүн аларды айкалыштыруу ыктымалдуулугун карап жатканын айтты.

Ал Кытай бийлиги «ар түрдүү техникалык линиядагы вакциналарды» колдонуу мүмкүндүгүн талкуулап жатканын белгиледи.

Бул кытай аткаминери жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина COVID-19 вирусунан анча коргобой жатканын мойнуна алган биринчи учур.

Бул арада Бээжин чет өлкөлөргө, анын ичинде Мексика, Түркия, Индонезия, Венгрия, Сербия, Бразилия жана Чилиге миллион доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзгөн.

Кытайда вакцинанын эки компонентин 35 миллиондой, бир дозасын 65 миллиондой киши алган.

Бразилияда жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, Sinovac вакцинасы вирустан 50,4 пайыз гана коргойт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцинанын натыйжалуулугу 50 пайыздан кем болбошу керек деп эсептейт. Маселен, Moderna менен Pfizer-BioNTech вакциналары вирустан болжол менен 95 пайыз коргоого кудуреттүү.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: