Menu

Казакстанда активист Кенжебек Абишев түрмөдө ачкачылык жарыялады

Бөлүшүү:

Казакстанда «куралдуу жихадка чакыруу» айыбы менен соттолгон жарандык активист Кенжебек Абишев түрмөдө ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 12-апрелде Адам укуктары боюнча казак бюросунун кызматкери Инга Иманбай билдирди.

Түрмө башчысына арналган «Ачкачылык тууралуу маалымдама» жана президент Касым-Жомарт Токаевге жазылган «өлүм алдындагы жазуу» деп аталган катта Абишев жөнсүз соттолгонун, сот менен атайын прокурор мыйзамдарды бузуп жатканын, түрмөдө керектүү дары-дармектер менен камсыздалбаганын жазган.

«Жалынып-жалбаргыдай, ыйлагыдай, сурангандай жагдайда эмесмин. Ошондуктан мындан ары өмүр сүрүүнүн, тамак ичүүнүн кажети жок. Эч нерсе жегим да, дарылангым да келбейт. Өлтүргүңөр келеби? Өлтүргүлө! Өмүр сүрүүдөн чарчадым», деп жазылган катта.

Атайын прокурор Азамат Абдулдаев бул боюнча комментарий бербей турганын, түрмө жетекчилигине кайрылуу керектигин айтты. Активист кармалып турган Алматы облусунун Заречный айлындагы колония да түшүндүрмө берген жок.

Казакстанда «куралдуу жихадга чакырды» деп айыпталган Кенжебек Абишев, Оралбек Омыров жана Алмат Жумагулов 2018-жылы 21-декабрда узак убакытка түрмөгө кесилген.

Сот ошондой эле Жумагуловдун «улут аралык кастыкты козутканы» аныкталганын билдирген. Натыйжада ал жана Омыров сегиз жылга, Абишев жети жылга эркинен ажыратылган.

Соттолгон үч адам тең айыптарды четке кагып, өздөрүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук катары мүнөздөшкөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: