Menu

Нур-Султанда активисттер ЕККУ имаратынын алдында акция өткөрүштү

Бөлүшүү:

12-апрелде активисттер Казакстан бийлигинен жарандарды саясий көз карашы үчүн куугунтуктоону токтотууну талап кылышып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Нур-Султандагы имаратынын алдында акция өткөрүштү. Ага онго чукул киши катышты.

Активисттер “экстремисттик уюмдун ишине катышкан” деп айыпталып, камакка алынган Айнур Мырзалиева, Алия Жакупова менен Аскар Каирбектин сүрөтүн жана англис тилинде “саясий туткундарга боштондук” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Жарандык активист Марат Мусабаевдин билдиришинче, акция ЕККУнун төрагасы Анн Линденин Казакстанга жасаган сапарын утурлай өтүүдө. Нааразылыктын максаты – Казакстанда адам укуктарынын абалын сынга алган Европарламенттин резолюциясына казак бийлиги көңүл бөлбөй жатканын эске салуу.

Полиция акцияга уруксат берилбегенин айтып, активисттерди тарап кетүүгө чакырды.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: