Menu

Түптөгү үрөй учурган жол кырсыктан 3 жаш жигит көз жумду

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 12-апрель түнкү саат 23:14төр чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында (Михайловка айылына жакын) Тойота Камри жана Ауди С4 үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Натыйжада 3 эркек адам (2002-ж.т. К.А., 2001-ж.т. Т.К., 2001-ж.т. Р.К.) каза болуп, 3 эркек адам (2000-ж.т. Т.уулу Б., 2000-ж.т. А.уулу Ы., 2000-ж.т. Ж.Т.) жабыркаган.

Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген. Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: