Бүгүн, 13-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 227 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 141, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 64, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен облусунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 90 599 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 124 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 86 152ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 81, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 30, Ош облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1532ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ