Талас облусунун Бакай-Ата районунда 2 жашар баланы издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, кечээ, 12-апрелде Өзгөрүш айылында 2019-жылы туулган бала Талас дарыясына кулап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган. Кечкм саат 21:30да жумуш убактылуу токтотулган. Бүгүн, 13-апрелде издөө иштери улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ