Menu

Жалал-Абадда курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүрткөн жарандар кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери куралдар менен ок-дарылар  мыйзамсыз сакталган бүтүндөй арсеналын табышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын апрель айынын башында  ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын  кызматкерлери ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууну көздөп жаткан жарандар жөнүндө ыкчам маалымат алышкан.  Белгисиз адам ок атуучу куралдарды сатуу жолун түптөп алууну көздөп, сатып алуучуларды издеп жаткандыгы аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен сотко чейинкитөндүрүш башталган.

Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоого тиешеси барларды аныктоого жана  бул ок атуучу куралдар менен кылмыштардын жасалышына бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.

2021-жылдын 7-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында саат 09:30 чамасында тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери “Мицубиси” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Автоунааны куралдарды сатууга шектелген Аксы районунун жашоочусу Д.Р. башкарып келе жаткан.  Кароо жүргүзүү учурунда автоунаадан  7.62 мм калибрдүү СКС үлгүсүндөгү карабин (ок атуучу курал) табылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында   дагы бир шектүү Аксы районунун 1951-жылы туулган Д.Энин  жашаган жерине  түнтүү иш-чаралары  жүргүзүлгөн.

Алынган маалымат боюнча, үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын бүтүндөй арсеналы табылды: СКС үлгүсүндөгү карабин, 2 бирдик  ТОЗ-8 үлгүсүндөгү курал, 2 бирдик 16 жана 12 калибрдүү сайсыз ок атуучу курал, андан сырткары пневматикалык тапанча жана күжүрмөн куралдардын ар кандай тетиктери.

Ар кандай түрдөгү ок-дарылар табылып алынды: 30 даана 7,62 калибрдүү ок, 50 даана 5.45 калибрдүү ок, 37 даана майда ок атуучу куралдын октору, 16 жана 12 клибирдүү 40 ок жана 140 гильза менен күкүрт.  Уруксат алган документтер бир гана куралга тиешелүү болгон.

Андан сырткары үйдөн Кызыл китепке кирип, атууга уруксат берилбеген эки сүлөөсүндүн териси табылды. Ошондой эле, болжол менен  баңгизаттарга окшош зат дагы табылып алынды. Бул боюнча дагы экспертизалар дайындалды. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери  жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасында, жалпысынан 7 ок атуучу курал менен анын тетиктери, 160 ашык ар кандай калибрдеги октор, 140 ашык гильза жана күкүрт алынган.

Табылып алынган ок атуучу куралдар боюнча экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары)  мындан аркы тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: