Menu

Баткен облусунун аймагындагы авариялык абалдагы социалдык объекттердин абалы көзөмөлгө алынды

Бөлүшүү:

Буга чейин ММКда, социалдык тармактарда чагылдырылган Лейлек аймактык ооруканасынын Психонаркология бөлүмүнүн жана Булак-Башы орто мектебинин абалын, облус жетекчилиги  көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган имаратты капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү же кайра куруу боюнча, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КРнын Өкмөтүнүн капиталдык салымдар беренесине киргизүү, алдыдагы жылдарда курулуучу капиталдык курулуштардын титулдук тизмесине кошуу боюнча сунушун даярдоодо. 

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасына ылайык, бардык район-шаарлардын аймагындагы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка бардык социалдык объекттердин абалын тактоо, КРнын Өкмөтүнө сунуштоо жана кошумча каржы булактарын табуу иш чаралары жүрүүдө. 

Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен, облуста 12 социалдык обьекттин капиталдык курулушу, 4 объекттин капиталдык оңдоп түзөө жумуштары жүрүп жатат. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: