Menu

Жапония «Фукусимадагы» булганган сууну океанга кое берүүгө даярданууда

Бөлүшүү:

Жапония талкаланган «Фукусима» атомдук станциясында булганган миллион тоннадан ашык сууну океанга кое берүүгө камданууда. Бул чечимге коңшу мамлекеттер, анын ичинде Түштүк Корея жана өлкөнүн балык өнөр жайы каршы чыгууда.

Сууну кое берүүнүн биринчи айлампасы эки жылдан кийин ишке ашат, ага чейин Tokyo Electric Power заводунун оператору сууну зыянуу заттардан чыпколоону баштайт, инфраструктураны куруп, тиешелүү органдардан уруксат алат.

Жапония станцияны толугу менен пайдалануудан чыгаруу үчүн сууну кое берүү маанилүү экенин, дүйнө жүзүндө өзөктүк станциялардагы чыпкаланган суу адатта океанга кое берилерин белгилеп келет.

Ушул тапта 1,3 миллион булганган суу – бул олимпиадалык көлөмдөгү 500 сууда сүзүү бассейнини «Фукусима» заводунун чоң резервуарларында сакталууда жана мамлекет жыл сайын буга 100 миллиард йен (912,66 миллион доллар) коротууда.

Жапон өкмөтүнүн билдирүүсүндө сууну кое берүү долбоорун аягына чыгарууга ондогон жылдар керек экени айтылган.

Бул арада Түштүк Корея океанга кое берилген суу аларга түз же кыйыр түрдө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирүүдө. Кытай менен Тайван да тынчсыздануусун ачыктады.

Фукусима балыкчылар кесиптик кошууну бул тармак үчүн болуп көрбөгөндөй терс кесепетин алып келерин айтууда.

2011-жылдын жазында Жапониянын түндүк-чыгыш жээгинде тогуз баллга жеткен жер титирөөдөн кийин пайда болгон топон суу 15 миң адамдын өмүрүн алып кеткен жана “Фукусима-1” атомдук станциясын жарактан чыгарган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: