Menu

Жайыл районунан автоунаа урдоого шектүүлөр кармалышты

Бөлүшүү:

Жайыл районунан автоунаа урдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 5-апрель күнү Жайыл районунун ИИБнө 56 жаштагы жашоочусу М.В. арыз менен кайрылып, 4-апрелден 5-апрелге караган түнү  “Хонда Концерто” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жаштагы П.Г. жана 25 жаштагы К.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Териштирүү учурунда , шектүү жарандар уурдалган автоунааны Бишкек шаарына жеткирип, тетиктерин чачып, өткөрүүгө шаарга баратып, белгисиз себептерден улам жолдон автоунаа күйүп кеткен. Алар автоунаадагы өрттү өчүрө алышпай, күйгөн автоунааны унаа токтотуучу жайлардын бирине коюшуп, өздөрү из жарылып кетишкени маалым болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан автоунаа күйгөн абалда табылган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: