Menu

Казакстанда ЕККУ төрайымы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) төрагайымы Анн Линде Нур-Султанга болгон сапары учурунда жарандык коом өкүлдөрү менен жолугуп, адам укуктары, ЖМК эркиндиги жана теңчилик маселелерин талкуулады.

Бул тууралуу Линде «Твиттердеги» баракчасында билдирди.

«Укуктук медиаборбор» уюмунун жетекчиси Диана Окремова жолугушуу жабык түрдө жана таанышуу форматында өткөнүн белгиледи.

Линде дүйшөмбүдө Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен да жолугуп, жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдой турганын айткан. Жолугушуу учурунда адам укуктарына байланыштуу маселе талкууландыбы же жокпу белгисиз.

12-апрелде активисттер Казакстан бийлигинен жарандарды саясий көз карашы үчүн куугунтуктоону токтотууну талап кылышып, ЕККУнун Нур-Султандагы имаратынын алдында акция өткөрүшкөн. Ага онго чукул киши катышкан.

Активисттер “экстремисттик уюмдун ишине катышкан” деп айыпталып, камакка алынган Айнур Мырзалиева, Алия Жакупова менен Аскар Каирбектин сүрөтүн жана англис тилинде “саясий туткундарга боштондук” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушкан.

Акция ЕККУнун башчысы Анн Линденин Казакстанга жасаган сапарын утурлай өткөн. Нааразылыктын максаты – Казакстанда адам укуктарынын абалын сынга алган Европарламенттин резолюциясына казак бийлиги көңүл бөлбөй жатканын эске салуу болгон.

Бул арада айрым жергиликтүу активисттер «Твиттерде» ЕККУнун башчысына кайрылышып, адам укуктарына байланыштуу абалга көңүл бөлүүнү, Нур-Султанда саясий туткундар отурган абакка барууну сунушташкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: