Menu

Текебаев менен Чотоновдун иши: Прокуратура койгон айыптан баш тартты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишин кароону улантты.

Прокурорлор күнөө далилденбегендигине байланыштуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго коюлган айыпты колдоодон баш тартышты.

Судья чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө кирип кетти.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык бизнесмен “Леонид Маевскийден пара алды» деген айып тагылып, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Мындай чечимди алар четке кагып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалашкан.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан кароого жиберген. Алар үй камагына чыгарылышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

20 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: