Мьянмада бийликтен кулатылган лидер Аун Сан Су Чжиге жаңы айып тагылды. Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, 75 жаштагы Су Чжиге ушуну менен алтынчы жолу айып тагылууда.
12-апрелде Су Чжи сотко видеобайланыш аркылуу катышкан. Ага чейин ал адвокаттар менен кездештирүүнү сураган. Ал кармалгандан бери адвокаттар менен видеобайланыш аркылуу гана сүйлөшкөн.
«Су Чжиге апаатардын алдын алуу жөнүндөгү мыйзамдын 25-бөлүгүнө ылайык айып тагылды», –деди адвокат Мин Мин Со.
Буга чейин ага өлкөгө мыйзамсыз түрдө рация алып кирген, колдонгон, өзгөчө абал режимин бузган, мамлекеттик сыр боюнча мыйзамды бузган жана пара алган деген кинелер коюлган.
Быйыл 1-февралда Бирмада аскерлер жарандык бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Өлкөдө аскердик хунтага каршы демонстрациялар токтобой, полиция жайкын тургундардын тынч нааразылык жыйындарына каршы ок ачып жатат. Соңку эсептер боюнча, нааразылыкка чыккан жүздөгөн кишилер хунтанын коопсуздук күчтөрү жүзөгө ашырган зомбулуктун айынан набыт болду
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ