Menu

Өзбекстанда бюджеттик кызматкерлерди Мирзиёевдин партиясына мүчө болуп кирүүгө мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Фергана, Навои, Бухара, Самарканд облустарында заводдордун, банктардын кызматкерлери жана райондук, шаардык акимчиликтердин аткаминерлери кысым менен Өзбекстандын Либералдык-Демократиялык партиясына мүчө болуп жатышканын билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, алар ай сайын партияга мүчөлүк акы иретинде минималдык айлык акынын бир пайызын (0,7 доллар) төлөп берүү боюнча тилкат жазышкан.

«Эркин Европага» жашыруун түрдө арызданган кишилердин айтымында, дал ушул төлөм алардын кыжырын келтирүүдө.

Өзбекстандын Либералдык-Демократиялык партиясынын Ташкенттеги кеңсесинин кызматкери жер-жерлерде үгүт иштери башталганын, бирок кишилер партияга өз каалоосу менен мүчө болуп жатышканын айтты.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл октябрь айында өтөт. Азырынча бир дагы партия өз талапкерин көрсөтө элек.

Өзбекстандын Либералдык-Демократиялык партиясы 2003-жылы түзүлгөн, расмий сайтында ага канча киши мүчө экени жөнүндө маалымат жок.

2016-жылдагы президенттик шайлоодо аталган партия Өзбекстан президенттигине талапкер катары Шавкат Мирзиёевди көрсөткөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: