Сокулук районунда автоунаа урдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Сокулук районунун ИИБнө жергиликтүү 48 жаштагы У.Н. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 12-март күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында Сокулук районунун көчөлөрдүн биринен анын «Тайота Хайландер” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Автоунаада арыз ээсинин керектүү документтери жана 70 миң сом акчасы болгону да маалым болгон.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББдүн жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Жалал-Абал облусунда туулуп өскөн 23 жаштагы Н.Б. аттуу жаран кармалып, уурдалган автоунаа табылган.
Шектүү бала убактылуу кармоочу жайга каммакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ