Menu

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиянын мүчөлөрү ачкачылык жарыялайт

Бөлүшүү:

Ачкачылык акциясы Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында, атайын тигилген чатырда башталат. Бул тууралуу 13-апрелде “Кыргызстан коммунисттери” партиясынын төрагасынын орун басары Рысбек Тойбеков БШКнын алдында өтүп жаткан митингде билдирди:

“14-апрелден тартып биздин партиянын өкүлдөрү бул жерге чатыр тигип, ачкачылык жарыялайбыз. Акциябыз үч күн болот. Бизди угушпайт экен, ошондуктан, ушундай жолдорго барууга аргасызбыз”.

Тойбеков акцияга кошулууну башка партияларга да сунуштады.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум өттү. Ага жалпы тизмедеги шайлоочулардын 37% катышканын Боршайком кабарлаган. Анын ичинен 79% Конституциянын жаңы редакциясын колдоп добуш беришкен.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон он чакты партия добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы чыккан күндөн бери БШК имаратынын алдына митинг өткөрүп келишет.

12-апрелде Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан алты партия шайлоонун жүрүшүнө жана жыйынтыгына нааразы болуп, президентке кайрылуу жолдогон. “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Улуу Журт”, “Республика”, “Бир Бол” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиялары “шайлоо ыплас өттү” деп эсептешет.

Алар Ош шаардык мэриясы мыйзам бузууга барды деп мэр Таалайбек Сарыбашевдин жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылышууда.

Ушундай эле нааразылыгын Таластагы шайлоодо маарага жетпей калган “Айкөл”, “Ата-Журт Кыргызстан” “Улуу Журт” жана “Социал-демократ” саясий партиялары билдиришти. Алар добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: