Menu

Тажикстанда орозо маалында электр энергиясын чектөө азайтылат

Бөлүшүү:

«Барки Точик» энергохолдинги ыйык Рамазан айында айыл жерлеринде электр кубатына киргизилген чектөөлөр азайтыларын билдирди.

Маалыматка караганда, ооз ачуу жана ооз бекитүү маалында электр энергиясы өчүрүлбөйт. Быйылкы жадыбалга ылайык, мусулмандар болжол менен таңкы саат төрттөн кечки саат жетиге чейин орозо кармашат.

Энергохолдингдин маалымат катчысы Нозиржон Ёдгоринин айтымында, адистер өлкөдө жарыкка киризилген чектөөнү толугу менен алуу маселесинин үстүндө да иштеп жатышат. Бул арада суу сактагычтарда суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга аз.

«Дал ушул себептен Душанбе-2 жылуулук электр борбору жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жылуу маалда да ишин улантат»» – деп белгиледи Ёдгори.

Тажикстанда кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы курч маселе бойдон калууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: