Menu

Эл аралык валюта кору Түркмөнстандын расмий статистикасын колдонуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Эл аралык валюта фонду 2020-жылдагы “Дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн перспективалары” аттуу баяндамасы үчүн Түркмөнстандын расмий маалыматтарын колдонуудан баш тартты. Бул тууралуу “Эркин Европанын” түркмөн кызматы кабарлады.

Эл аралык валюта кору баяндамада Түркмөнстандагы ички дүң өнүм 0,8 пайызды түзгөнүн белгилеген. Түркмөн өкмөтүнүн маалыматында бул көрсөткүч 5,9 пайыз деп көрсөтүлгөн.

Глазго университетинин профессору, Борбор Азия боюнча талдоочу Лука Анчески Эл аралык валюта корунун түркмөн экономикасы боюнча өз маалыматын берүүсүн “бурулуш” учур деп атады. Анын айтымында, Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүу банкы, Дүйнөлүк банк сыяктуу уюмдар өз отчетторунда түркмөн өкмөтү берген сандарды жарыялап келишкен. Бул болсо Түркмөнстандагы чыныгы абалды чагылдырчу эмес.

“Эркин Европанын” түркмөн кызматы жана башка көз карандысыз басылмалар бир нече жылдан бери Түркмөнстанда экономикалык төмөндөө орун алып, ал азык-түлүк каатчылыгы, баалардын ырааттуу түрдө жогорулашы жана улуттук валютанын арзандашы менен коштолуп жатканын билдирип келишет.

Бул арада өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов дүйнөлүк экономикадагы олку-солку кырдаалга карабай, Түркмөнстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү туруктуу бойдон экенин айткан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: