Menu

Видео – Камчыбек Ташиев: “2010-жылдагы Ош окуяларында Убактылуу өкмөттүн күнөөсү зор, ошон үчүн аларды жоопко тартыш керек”

Бөлүшүү:

“Улуттар аралык чыр бийлик элди башкара албай, элдин бийликке болгон ишеничи кеткенде гана чыгат. 1990-жылдары бир чыр чыкты эле. 2010-жылы да чыкты. Эл өзү менен өзү жашай берет, мисалы, кыргыз-өзбек чек арасындагылар ынтымакта жашашат. Бирок, элди башкарам деген бийлик ээлеринин катачылыгы элдин ынтымагына зыян келтирет”, – деп билдирген Камчыбек Ташиев “Марал” радиосуна берген маегинде.

“2010-жылы бийликти сактап калуу үчүн чырды чыгарышты. Бардык мамлекеттик органдар, мамлекеттик ЖМКлар буга Бакиев күнөөлүү деп айтып жатышты. Бакиевдин өзү, тууган-уругу жок болсо, өзү качып жанын коргоп жүрсө кайдан күнөөлүү болот? Мында убактылуу өкмөттүн күнөөсү зор, ошон үчүн аларды жоопко тартыш керек. Эгерде алар бул турмушта жоопко тартылбаса да акыретте баары бир жооп берет. Себеби, 500гө жакын адам каза болду, 10 миңге жакын адам жарадар болду. Жүз миңдеген адамдар зыян тартты. Бул окуя унутулбайт. Күнөөкөрлөрдү жазалаш керек. Бул сабак болушу керек”, – деген ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: