Menu

Токмок шаарында уурулукка шектүүлөр кармалышты

Бөлүшүү:

Токмок шаарында уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын март айынын аягында Токмок шаарынын ички иштер органдарына1970-жылы туулган Т.В. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 29-мартына караган түнү Токмок шаарындагы билим берүү мекемелердин биринин тезесин сындырып белгисиз адамдар киришип ал жактан арыз ээсинин уюлдук телефонун, ноутбугун жана акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 55 миң сомду түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББдүн жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган И.Р. жана 1982-жылы туулган Ч.Э. аттуу жарандар кармалышкан.

Шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: