Бүгүн, 14-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 240 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 133, Чүй облусунан – 85, Ош облусунан – 5, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 10, Баткен облусунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 90 839 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 161 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 86 313кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 118, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 21, Ош облусунан – 4, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 3, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1534кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ