Menu

Сыймык Жапыкеев: “Ысык-Көл облусунун губенатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин, өзүмдүн эле жумушум жакшы”

Бөлүшүү:

Буга чейин айрым ЖМКлар өз булактарына таянып, Ысык-Көл облусунун башкы прокурору болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев бийлик менен Ысык-Көл облусунун губернатору болуп бара турганы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деп жазып чыгышкан.

Сыймык Жапыкеев Facebook социалдык тармактагы жазган постунда айтылып жаткан имиштердин баарын четке какты.

«Биринчиден мени бүт облус жетекчилиги, прокуратура жааматы жакшы тосуп алышты, буюрса облустун маселелери  менен таанышып атабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин, өзүмдүн эле жумушум жакшы, мыйзамдуулук, адилеттүүлүктү облуска иштетсек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын чеги болбойт экен. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту.

Буюрса көлдү тегеренип, эл менен түздөн- түз кезигебиз, көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен угабыз”, — деп жазды Жапыкеев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: