Menu

Борбор калаада улуттук баатыр — Бишкек баатырдын эстелиги ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-апрелде, Кыргыз Республикасынын борбор калаасында Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен улуттук баатыр — Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров

Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаар жана анын тургундарына бул иш-чаранын маанисин белгилеп, Бишкек баатыр, ага байланышкан тарыхый окуяларга токтолду жана кыргыз жерин баскынчылардан бошотууда анын сиңирген эмгегин белгиледи.

Иш-чарада ошондой эле өнөр жай тармагына эмгек сиңирген ишмер Карыпбек Алымкулов, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, Бишкек баатырдын тууганы Тургунали Арипов, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, экс-премьер-министр Темир Сариев сөз сүйлөштү.

Бишкек Кенен уулу (Бишкек баатыр) — 18-кылымда жашаган тарыхый инсан. Ал кыргыз элинин душмандарына каршы улуттук-боштондук кыймылын жетектеген.

Бишкек баатырдын эстелиги колодон жасалып, анын бийиктиги үч метрден ашат.

Жаңы эстелик Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имаратынын чыгыш тарабында, Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине жакын жерде орун алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: