Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Президент Садыр Жапаров менин Маевскийден пара алганым тууралу бирөөдөн укканын эле айтып койгон да”

Бөлүшүү:

2020-жылы 24-ноябрда азыркы президент Садыр Жапаров: “Мегаком боюнча сот иши жүрүп жатпайбы. Ал Маевскийден 1 миллион долларды алган. Алганы анык, муну бардык саясий элита, депутаттар бардыгы билет. Керек болсо генерал Кулов дагы билет. Кулов калп десе, генерал Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет. Мен дагы тастыктап берем. Мегакомду 2 топ сата турган болгон. Бири Текебаевдин тобу болчу, экинчиси башка топ болчу. Текебаевдин группасы Маевскийге сатам деп сүйлөшүп, алдын ала 1 миллион долларын алып, аны 2010-жылдагы шайлоого жумшаган. Шайлоодон өтүп келгенден кийин Мегакомду сатмак дагы, калган акчасын 10-15 млн доллар чөнтөк кызыкчылыгына алмак. Ошол мезгилде Мегакомду чырылдап жүрүп мен сактап калгам. Жогорку Кеңештин архивин көтөрсөңүздөр, ошол видеолор турат. Бүт документтерди топтоп, Мегаком мамлекетке 100% өтүш керек деп, аны жиликтеп сатпагыла деп кыйкырып чыгып, 120 депутатка документтерди таратып берип, сот аркылуу беребиз деп сотторун да даярдап коюшкан, ал сотторду да чакырып, колдоруна документтерди карматкам, эгерде кимде ким ушул ишти жасап берсеңер 20 жылдан кийин болсо дагы камаласыңар деп. Ошондон кийин соттор аны карабай койгон, Жогорку Кеңеш чечпей койгон. Анан Мегаком мамлекетке өткөн. Мына бүгүн мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп жатат” – деп билдирген эле.

Ал эми кечээ, 13-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунан акталып чыккан Өмүрбек Текебаев: “Садыр Жапаров бирөөдөн уккандарын эле айтып койгон да”, – деп президент Садыр Жапаровдун айткандарына баа берди. Ошондо Текебаев президент Жапаровду алган маалыматтарын тактабай, ылгабай эле, ушак сыяктуу айта берген кишидей сүрөттөйт.

Бирок эксперттер Өмүрбек Текебаев акыры сынганын, бийликтин айрым бир бутактары менен соодалашууга барууга аргасыз болгонун билдиришүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: