Menu

Баткен-Фергана-Согди облустарынын башчыларынын жолугушуусу күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын чектеш облустарынын башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 22-апрелинде КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жетекчилиги астындагы облустук делегация, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баш болгон делегация, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусуна барат.

23- апрелде Фергана шаарында Баткен-Фергана-Согди облустарынын бизнес коомчулугунун катышуусунда “Чек ара аймактарын интеграциялоо-өнүгүүнүн кепилдиги” аталышындагы, үч тараптуу бизнес-форум өтөт. Анын алкагында өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташууга арналган пленардык жыйындар өтөт жана B2B жана G2B форматындагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча уюштурулат.

Иш чаранын алкагында үч облустун башчыларынын да жолугушуусу каралган.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышат жана Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: