Menu

ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин жарандары республиканын аймагына кирүүдө «COVID-19суз саякаттайм» мобилдик тиркемесиндеги ПЧР-анализдин жыйынтыктарын көрсөтө алат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын аймагына «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторундагы контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу келүүчү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары «COVID-19суз саякаттайм» мобилдик тиркемесинде көрсөтүлгөн коронавирустук инфекцияга (COVID-19) текшерүүлөрдүн терс жыйынтыктарын көрсөтө алат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-б буйругуна өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарын киргизүүнү этап-этап менен жандандыруу шарттарында калктын саламаттыгын коргоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарына ушул буйруктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүүсү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: