Тышкы иштер министрлигинин кызматкери антибиотиктен кийин анафилактикалык шоктон каза болгон. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департамент кызматынын директору Бахтияр Шакиров вакцинадан эмес, анафилактикалык шоктон каза болгон. Муну соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы далилдейт.
Министрдин айтымында, каргашадан кийин айрымдар аны коронавируска каршы эмдөөдөн кийин каза болду деп жазган. Ушундан улам, алар эмдөөнү бир нече күнгө токтото турууга аргасыз болушкан, анткени эл корко баштаган.
“Тергөө көрсөткөндөй, Тышкы иштер министрлигинин кызматкери балдар ооруканасында антибиотик алып жатканда анафилактикалык шоктон көз жумган. Балдар ооруканасында чоңдорго асма укол саюу чоң катачылык болон. Экинчиден, антибиотиктерди колдонуудан мурун, үлгү жасалышы керек болчу. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, – деп билдирди.
Министр окуядан кийин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, оорукананын башкы дарыгери, ЛОР бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу кызматтан алынганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 1-апрелде балдар ооруканасында Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департамент кызматынын башчысы Бахтияр Шакиров 40 жашында көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ