“Текебаев-Чотонов иши боюнча сот чечими акыйкат болгону албетте кубандырат… Жакшы жышаан… Бирок 4 жыл текке кеткен өмүр-жашка, жубайлары менен балдарынын көз жашына, жакындары тарткан убайымга, ден соолукту жеген сарсанаага ким жооп берет?”, – деп жазды бүгүн, 14-апрелде Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-директору, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“Жөн эле “болду-болду” – деп кала берүү натуура иш. Макул дейли, Текебаев мамлекет төлөй турган акчадан баш тартсын, дагы да болсо өлкөбүздүн оор ахвалына боор тартты дейли… ыраазы бололу… Бирок мамлекетти дагы, Текебаев менен Чотоновду дагы ушундай жапа чегүүгө дуушар кылган прокурорлор, коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү, соттор жана сотто айыптоочу катары отурган прокурорлор өз жазасын алышы керек да. Акыйкаттык үчүн, коомдун тазаланышы үчүн, келечекке карай сабак болушу үчүн бул зарыл шарт. Саясий буюртма менен ак жерден дагы бирөөлөр жапа чегип, түрмөгө отурбасын десек коомчулук ушуну талап кылуубуз абзел. Бул акыйкаттыктын талабы!”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ