Menu

Майрамбек Жумабеков, адвокат: “УКМК Кубанычбек Жумалиевдин заводун мыйзамсыз тартып алды”

Бөлүшүү:

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин заводун мыйзамсыз тартып алды. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, УКМКда жок дегенде, Таш-Көмүр шаарына жакын жерде жайгашкан Кубанычбек Жумалиевге таандык ири заводду мамлекеттин пайдасына тартып алышы үчүн соттун өкүмү керек. Бирок андай жок. Демек, УКМКнын бул аракети мыйзамсыз болуп саналат.

Ал кошумчалагандай, анын кардары ишеним кат жазып берген, ошонун негизинде ал СИЗОдон бошотулган.

“Менин кардарым үчүн ден-соолук жана эркиндик маанилүү. Заводдон тышкары 50 миллион сом накталай төлөгөндөн кийин, Жумалиевдин башка эч нерсе карызы жок. Мындан тышкары, заводдун баасын эксперттер эсептешкен эмес. УКМК аны кантип 950 миллион сомго баалаганы белгисиз”, – деди адвокат.

Ал белгилегендей, алар сотто депутаттын баш коргоо чарасын тандап жатканда, тергөөчүлөрдөн келтирилген зыяндын так суммасын сурашкан, бирок алар жооп алышкан эмес.

“Менин кардарым 10 миллион же 20 миллион сомдук конкреттүү зыянды төлөөгө даяр болчу, бирок тергөөчүлөр эч нерсе көрсөтө алышкан жок. Ошол эле учурда, кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча козголгон. Бирок сот жана прокурорлор буга көңүл бурбай, Жумалиевди камап салышкан, бул мыйзамсыз », – деп белгиледи Жумабеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: