Menu

Евробиримдик саякаттоону жандандыруу үчүн жашыл сертификаттарды иштеп чыгат

Бөлүшүү:

Евробиримдиктин туруктуу өкүлдөрү Европарламент менен жашыл сандык сертификаттарды киргизүү жөнүндө макулдашты.

Бул документ COVID-19 пандемиясы маалында вакцина алган, тест жыйынтыгы терс чыккан же вирустан айыккан жарандарга эркин саякаттоого мүмкүндүк берет. Бул тууралуу ЕБ Кеңешинин сайтында маалымдалды.

Reuters агенттигинин кабарлашынча, бул жайга карата туристтик сапарларды жандандыра турган алгачкы кадам.

Сертификаттын укуктук базасы эки бөлүмдөн турат. Анын бири Евробиримдик жарандары менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, экинчиси мыйзамдын негизинде биримдиктин аймагында жашаган үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү.

“Азыркы эпидемиологиялык жагдай али олуттуу тынчсызданууларды жаратууда. Бирок келечекке карап, бир чечим чыгаруу керек. Жашыл сандык сертификат жарандардын коопсуз жүрүп-турушуна арналган. Бул өлкөлөрдүн экономикасын калыбына келтирүү үчүн өтө маанилүү”, – деди Португалия премьер-министри Антониу Кошта.

Документти Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүндө колдонууга болот. Анын быйыл жайга чейин даярдалары күтүлүүдө.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: