Menu

Казакстанда активисттер 405-берене менен куугунтукталгандарды колдогон акция өткөрүшүүдө

Бөлүшүү:

14-апрелде бир топ активист Нур-Султандагы Есил дарыясынын жээгинде Кымыш кодексинин 405-беренеси боюнча “Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштурду” деп айыпталып, соту өтүп жаткан Ербол Есхожинди колдогон акция өткөрдү.

Жарандык активист Аскар Сембайдын айтымында, 405-берене менен куугунтукталгандары колдоо акциясы үч күндөн бери болуп жатат.

– Биринчи күнү Алия Жакупованы, кечээ Аскар Кайырбекти, бүгүн Ербол Есхожинди колдоп келдик. Түштөн кийин Айнур Мырзалиеванын соту болот, ага да колдоо көрсөтөбүз. Активисттерди куугунтуктоону токтотууну талап кылабыз, – деди ал.

– Биз аларды бошотууну талап кылабыз. Ушундай чакан акцияны да өткөрүүгө мүмкүндүк беришпейт. Эркин жүрүп-турууга болбой калды. Бул нааразылыкты ай талаада эмес, сот имаратынын алдында өткөргүбүз келген, бирок ага мүмкүндүк жок, – деди дагы бир активист Гадылбек Серкибаев.

Чогулгандарды полиция алыстан видеого түшүрдү. “Боштондук! Боштондук” деп кыйкырган активисттер бираз убакыттан кийин тарап кетишти.

Аты аталган төрт жаран Казакстан бийлигине сын айткан “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына жана “Көчө партиясына” катышы бар деген айып менен Кылмыш кодексинин 405-беренеси (сот экстремисттик деп тааныган уюмдун ишине катышуу же аны уюштуруу) боюнча соттолууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: