Menu

Мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган Марат Токтоучиков тууралуу эмнелер белгилүү?

Бөлүшүү:

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалгандардын бири Марат Токтоучиков экендиги белгилүү болду. Аны менен кошо белгилүү саясат таануучу Марат Казакпаев кармалган.

“Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, республиканын айрым жарандарынын бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс далилдер алынды “, – деп билдирди УКМК.

Марат Токтоучиков жөнүндө эмнелер белгилүү?

Марат Токтоучиков 1988-жылы 14-январда туулган. Ал коомдук чөйрөдө өзгөчө активдүү болгон эмес. Ал Чыңгыз Айтматов атындагы №63 мектепти 2005-жылы аяктаган, ошондой эле Кыргыз-Россия славян университетинде журналистика адистиги боюнча окуп, 2010-жылы аяктаган.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Марат Токтоучиков 2018-жылга чейин Кыргызстан казактарынын ассоциациясын жетектеп келген. Ал бул кызматты качан ээлегени белгисиз. 2017-жылдын октябрь айында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелердеги кризис учурунда Токтоучиков элди тынчтанууга үндөп жүргөнү белгилүү.

Андан кийин диаспоранын башчысынын ордун парламенттин учурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева ээлеген. Ассоциация Марат Токтоучиковго байланыштуу окуяга диаспоранын жетекчилигинин эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. 

2010-жылы Марат Токтоучиков Кыргызстандын Жашылдар партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына (№74) ат салышканы белгилүү. 

Аймактык эксперттердин “Пикир” клубунун алкагында Марат Токтоучиков “Жаша Ухань” демилгелүү тобунун мүчөсү болгон, анын максаты COVID-19 коронавирусун жуктуруп алган адамдарга камкор мамиле жасап, колдоо сөздөрүн айтуу болчу.

Ошондой эле, ал “Атуул” коомдук бирикмесинин мүчөсү экени белгилүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: