Кечээ, 14-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган саясат таануучу Марат Казакпаев менен Кыргызстандагы казак диаспорасынын мурдагы башчысы Марат Токтоучиков УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Казакпаев тергөө абагында 14-июнга чейин, ал эми Токтоучиков 13-июнга чейин болот.
Белгилей кетсек, 13-апрелде Казакпаев менен Токтоучиков Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча айыпталып кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ