Menu

Наманган ИИБси «динге ишенгендерге басым болуп жатканы» тууралуу билдирүүлөрдү четке какты

Бөлүшүү:

Наманган облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) аймакта динге ишенген жарандарга карата репрессиялар уланып жаткандыгы тууралуу айыптоолор негизсиз экенин билдирди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө хижаб кийген окуучу кыздардын укук коргоо кызматкерлеринин алдында турганы тартылган сүрөт жарыяланып, аларга басым болуп жатканы жазылган билдирүүлөр жарыяланган.

«8-апрелде Янгикурган районундагы №10 мектептин жетекчилиги бизге кат жөнөткөн. Анда алгач мектепке беш кыз хижаб кийип келгени, көп өтпөй алардын саны онго жеткени жазылган. Мындан улам аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкери аталган мектепке барып, окуучулар менен маектешкен. Анын жүрүшүндө окуучулар жоолук салынып жүрсө болору, бирок мектепке белгиленген эрежелер боюнча кийинип келүү керектиги айтылган», — деп жазылган ИИБнин билдирүүсүндө.

Өзбекстанда өкмөттүн 2018-жылдагы токтомуна ылайык, окуучулар түрдүү иш-чараларды эске албаганда мектепке баш кийими жок барышы керек. Мектеп формасына диний элементтерди кошууга тыюу салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: