Menu

Баткен облустук администрация “Апрельское” алтын кенинин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат таратты

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жергиликтүү бийлик менен инвесторлорду, эл менен жолугушууларды уюштуруу, элге компаниянын максаттары, пландары, Катраң айыл аймагын өнүктүрүү боюнча программасын,  жергиликтүү тургундарга көрсөтүлүүчү социалдык пакеттер боюнча маалыматты жеткиликтүү  түшүндүрүүнү, өзгөчө өндүрүш технологиясынын коопсуздугу боюнча кеңири маалымат берүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун аймагында кен байлыктарды иштетүүдө, эл аралык нормаларга ылайык, калктын саламаттыгы, аймактын экологиясы мыйзам  чегинде, белгиленген тартипте сакталууга тийиш. 

Ошол эле учурда аймакта, тартип бузууларга  жол берилбейт, коомдук саясий абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө. 

Эскерте кетсек, кечээ 14-апрелде, Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын тургундары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровко видео кайрылуу жасашкан. 

Жыйынга Катраң айыл аймагынын 100-150гө жакын жергиликтүү тургундары катышып, Өзгөрүш айылынын күн батыш тарабында жайгашкан “Алмалуу” тоосунда орун алган ”Апрельское“ алтын кенин иштетүүгө каршы экендиктерин билдиришип, айылдык кеңештин төрагасы Сапарали Бөрүбаев элдин атынан сөз сүйлөгөн.  

2012-жылы КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан  Лейлек районунун Катраң айыл аймагында жайгашкан “Апрельское” алтын кенин  иштетүүгө,  Россиялык “Апрельское Эй Зет Ай” жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензия берилип, бул кенди  чалгындоо аракеттери көрүлгөн. Лицензиянын мөөнөтү 2022-жылы аяктайт. Азыркы учурда аймакта кенди изилдөө, чалгындоо жумуштары гана жүрүп, жол салуу иштери жүрүүдө.  Кен казуу жумуштары жүрө элек. 

Бирок  2012-жылы Катраң айыл аймагынын тургундары кенди иштетүүгө каршы чыгышып, кенди чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан  “Алаурум” ЖАКнун мүлктөрүн талкалап, имараттарын өрттөп, инвесторлор менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр-чатак чыккан.  

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, кенди иштетүү да убактылуу кийинкиге жылдырылган. 

Бул окуядан соң “Апрельское Эй Зет Ай” ЖЧК арызынын негизинде, Катран айылынын тургуну Сапарали Бөрүбаевге 2012-жылы Баткен облустук ИИБ тарабынан КРнын КЖКнын 174-ст., (Бирөөнүн мүлкүн өрттөө аркылуу зыянга учуратуу) 234-ст., ( Бейбаштык) 353-ст,.(Өзүм билемдик) жана 167-статьяларында (Тоноочулук) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. 

11.08.2020-жылы С.Бөрүбаев, жабырлануучу тарап С.Юрченкодон кечирим сурап, алар  өз ара элдешип, кылмыш иши КРнын ЖПК 26-статьясынын 1-бөлүмүнүн 12,13-пунктунун негизинде өндүрүштөн кыскартылган.

Ошондой эле 2020-жылы С.Бөрүбаев, Лейлек районунун тургунун сабагандыгы үчүн, 234-ст., ( Бейбаштык) беренеси боюнча  жоопкерчиликке тартылып, камакка алынган. Төрт айдан соң, С.Бөрүбаевдин атасы КРнын Президентине кайрылып, кечирим сурап, үй бүлөлүк шартына байланыштуу, жоопкерчиликтен бошотулган. 

С.Бөрүбаев-учурда Лейлек районунун Катран айылдык кеңешинин төрагасы. 

Белгилей кетсек, “Апрельское Эй Зет Ай” ЖЧКсы тарабынан лицензия үчүн салык төлөмү Катраң айыл өкмөтүнө төлөнүп келген жана анын суммасы бүгүнкү күнгө карата 21 млн сомду түзөт. 

Белгилей кетсек, “Апрельское Эй Зет Ай” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү, болуп өткөн  окуя боюнча облустук жетекчиликке кайрыла элек. 

Орун алган бардык окуялар мыйзам чегинде гана чечилүүгө тийиш. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: