Menu

Түркмөн бийлиги жарандардан кайрадан ак түстөгү гана автоунааларды пайдаланууну талап кылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда автоунааларга карата жаңы талаптар киргизилди. Ага ылайык, эми өлкөдөгү бардык мамлекеттик мекемелердин транспорт каражаттары толугу менен ак түстө болушу керек.

«Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, автоунааларга карата жаңы талаптар киргизилгени тууралуу апрель айында, мамлекеттик мекемелердин балансындагы транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү өнөктүгү башталганда белгилүү болду. Ошол эле маалда полиция кызматкерлери жаңы талаптар эмне себептен киргизилгени боюнча айдоочуларга эч кандай түшүндүрмө беришкен жок.

Техникалык кароонун жүрүшүндө автоунаанын башка түстөгү деталдары аныкталса, анын ээсине кароодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк берилбей жатканы кабарланууда.

Буга чейин мындай талап жеке автоунааларга гана тиешелүү болгон.

Түркмөнстанда 2017-жылдан бери кара жана күңүрт түстөгү, ошондой эле күндөн коргоочу түс менен капталган автоунааларды, анын ичинде «Лада» үлгүсүндөгү машиналарды колдонууга тыюу салынган. 2019-жылы полиция кызматкерлери бул талаптарга жооп бербеген автоунааларды токтотуп, айып пул салууну токтоткон.

Бирок былтыр бул иш-чара кайра башталып, дөңгөлөгүндөгү дисктери кара болгон ачык түстөгү унааларга да айып пул салына баштаган. Алардын ээлери айып пул төлөөгө жана машиналарын ак түскө боёго мажбурланып келишет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: