Menu

Насыясын төлөй албай калып, өздөрүн өрттөйбүз деген аялдар премьер-министр менен жолукмай болушту

Бөлүшүү:

Өзүбүздү өрттөйбүз деп коркутуп, Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар ишемби күнү премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушат. Бул тууралуу журналисттерге нааразычылык акциясынын катышуучусу Гүлшах Исакова билдирди.

“Жолугушуудан кийин оң натыйжаларды алабыз деп үмүттөнөбүз. Биз насыялар боюнча карыздарды жоюулушун, өлкөдө кредиттердин жоюлушун, алардын пайыздык чендерин төмөндөтүүнү жана жеке банктарды президент көзөмөлдөп турушун талап кылабыз. Буга чейин биз дагы насыяларды төлөөнү 1 жылга токтотуп турууну суранганбыз, бирок андай болгон эмес”, – деди Гүлшах Исакова.

Айыл өкмөттү басып алган аялдар имараттан чыгышып, курчоо алынды.

Белгилей кетсек, бүгүн, таң эрте Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратын аялдардын тобу басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутушкан. Аялдар акцияга насыясын төлөй албаганы үчүн чыккан. Насыясын төлөй албагандар үйлөрүн алдырып жиберебиз деп коркушууда. Алар бир нече күн катары менен Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн алдында турганын, бирок бийликтин бир да өкүлү чыкпаганын айтышкан. Бийликтин көңүлүн буруу үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болушкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: